#СТАТЬИ 21.08.2021

by Mugalim Mugalim - Saturday, 21 August 2021, 20:39
Anyone on this site
Поделиться
Сегодня “учитель” не просто перестал быть “носителем информации”, более того, стоя у доски, сказав “откройте параграф учебника”, или же “проверяем домашнее задание”, вряд ли можно ожидать высокой мотивации у детей к учебе?

Будем честными, вам самим не стало бы скучно?

В известном видео “Новый взгляд на систему образования” профессора Сэра Кена Робинсона становится ясно, что школьная модель с уроком в 45 минут (предложенная еще в 16 веке Яном Амосом Коменским) и звонком на перемену - это аналогия с работой завода, то есть подготовка к работе в промышленной экономике. Тем самым раньше детей, усаживая за парты готовили исполнителей, готовых к “подчинению”, выполняющих команды “делай как я, копируй, не думай”.

Что же поменялось?
А то, что на дворе уже 21 век, другая реальность, век информационной экономики, где умение критически и нестандартно мыслить, навыки эффективного общения, работы в команде, смелость творить и воплощать свои личные проекты мечты, определяет уровень жизни и даже счастья человека.

Образование - это помощь в освоении жизни, верно? Тогда как будем менять подход в образовании наших детей? Очевидно, что взращивать навыки, которые детям будут необходимы во взрослой жизни. Кого раньше считали грамотным, того, кто умеет “читать и писать”, сейчас же это базовое умение работы с информацией (поиск, отбор, анализ, синтез). Самое главное, понимание “для чего”? Тем раньше ребенок осознает, какие у него особенности как у личности, тем яснее будет какие блага он способен привнести в эту жизнь как современный гражданин.

Вернемся к элементарным навыкам “чтения и письма”, которые отличаются в том, как их взращивают в современных монтессори-школах. Дети в начале начинают писать в возрасте уже в 3,5 - 4,5 лет, пока есть сензитивный интерес. Параллельно, с освоением звуковых паттернов речи и тренировки моторной символической памяти, дети в специально-созданной педагогом учебной среде свободно осваивают “умение читать с душой”. Более того, такой подход, учитывающий нейробиологию раннего развития ребенка, позволяет избежать частые проблемы начальных классов “когда читает и ничего не понимает”.

Резюмируем, что подход меняется в корне, отходит от “авторитарного подчинения” к “взращиванию гармоничных отношений”, где учитываются особенности развития его мозга (обучение через действия), возрастные особенности и личностные интересы.
Да, конечно, это требует от современных учителей новых компетенций. Педагогика всего мира увлечена идеей “Компетентностного подхода”. По выражению А.Г.Асмолова, “компетентность - это знания в действии”. Считается, что минимальный набор системных качеств можно включить следующие:

- умение саморегуляции (непрерывное обучение и самосовершенствование);
- умение общаться;
- наличие анализа и синтеза как основы мышления. Все.

Каждый год выходят новые требования, изменяются стандарты, вы тоже чувствуете этот поток непрерывных перемен? Что дается вам сложнее всего? Почему? Давайте продолжим нашу дискуссию в комментариях к этому посту. А про компетенции “Учителя 21 века” продолжение еще следует.

Бүгүнкү күндө "мугалим" "маалымат алып жүрүүчү" гана адам эмес, анын үстүнө азыр окуучуларга "окуу китептин бир абзацын ач" же "үй тапшырмасын текшерели" деп, балдардан окууга болгон жогорку мотивациян күтүүгө болбойт.

❓Чындыгында, өзүңүз деле тажагандырсыз?

🎓Профессор Сэр Кен Робинсондун "Билим берүү системасына жаңы көз чаптыруу" аттуу белгилүү видеосунда, 45 мүнөттүк сабакты (16-кылымда Ян Амос Коменский сунуш кылган) жана тыныгууга чакырган конгуроо бул фабриканын ишчилерине, башкача айтканда, өнөр жай экономикасында иштөөгө даярдануу сигналынан үлгү кылып алынгандыгы айкын болот. Ошентип, окуучуларга, партада отуруп, “мен кылгандай жаса, көчүр, ойлобо” деп, “моюн сунууга” же айткан буйруктарды жасоого даяр болгон аткаруучуларды тарбиялашкан.

❓Ошондон бери эмне өзгөрдү?

Ал эми азыр 21-кылымдын талаптары башкача чындыкты көргөзөт. Азыр, маалыматтык экономиканын доору, анда критикалык ой жүгүртүү, натыйжалуу баарлашуу жөндомдөрү , командада иштөө, өз эркиңизди түзүп, алдыга койгон жеке максат долбоорлорду кайраттуулук менен ишке ашыруу, адамдын жашоо деңгээлин ал тургай бактысын жакшыртууга болгон көз караштар өзгөчө бааланат.
Билим берүү - бул жашоону өздөштүрүүгө жардам берүү, туурабы?

Анда балдарыбыздын билим алуусуна болгон мамилени кантип өзгөртөбүз? Албетте, балдар бойго жеткенде талап кыла турган жөндөмдөрдү өрчүтүүбүз керек. Мурда сабаттуу деп эсептелген, "окуп жана жаза алган" адам, азыркы күндө бул маалымат менен иштөөдө базалык керектөөчүлүк (издөө, тандоо, анализ, синтез) катары гана эсептелинет. Эң башкысы, алып жаткан маалымат "эмне үчүн" керек экенин түшүнүү керек? Бала адам катары кандай өзгөчөлүктөргө ээ экендигин канчалык эртерээк түшүнсө, заманбап жаран катары бул жашоого кандай артыкчылыктарды алып келе алары ошончолук айкыныраак болот.

🔻Кайрадан эң элементардуу "окуу жана жазуу" жөндөмүнө кайтып келели жана аны өзгөчө билим берүү менен айырмаланган заманбап- монтессори мектептери менен салыштырып көрөлү . Балдар 3,5 - 4,5 жашын эле жаза башташат эгер балдарда сезимталдык кызыгуу пайда болсо . Буга катарлаш, сүйлөө тыбышынын калыптанышынын өнүгүшү жана моторикалык символикалык эс тутумдун тарбиялануусу менен, мугалим тарабынан атайын түзүлгөн билим берүү чөйрөсүндө балдар “жан дили менен окууну” эркин өздөштүрүшөт. Мындан тышкары, бул ыкма балдардын эрте өнүгүүсүнүн нейробиологиясын эске алуу менен, башталгыч мектептердеги көп кездешчү "окуп бирок түшүнбөй" калуу көйгөйүнөн алыс кылат.

🔻Толуктап айтканда, бул ыкма баарын түп-тамырынан өзгөртүп, "авторитардык баш ийүүдөн" "гармониялык мамилелерди өркүндөтүүгө" өтүп, баланын мээсинин өнүгүү өзгөчөлүктөрүн (иш-аракеттер аркылуу үйрөнүү), жаш өзгөчөлүктөрүн жана жеке кызыкчылыктарын эске алат деген жыйынтыкка келебиз.

Ооба, албетте, бул заманбап мугалимдерден жаңы компетенттүүлүктү талап кылат. Бүткүл дүйнөдөгү педагогиканы "Компетенттүүлүккө негизделген мамиле" идеясы суктандырат. А.Г.Асмоловдун айтымында, "компетенттүүлүк - бул алган билимдин иштөөсү". Системалык сапаттардын минималдуу жыйындысына төмөнкүлөрдү камтыса болот:
✅өзүн-өзү жөнгө салуу жөндөмдөрү (үзгүлтүксүз билим алуу жана өзүн-өзү өркүндөтүү);
✅баарлашуу мүмкүнчүлүгү;
✅ой жүгүртүүнүн негизи катары анализдин жана синтездин болушу. Баары.

Жыл сайын жаңы талаптар чыгат, стандарттар өзгөрөт, сиз дагы ушул үзгүлтүксүз өзгөрүүлөрдүн агымын сезесизби? Сиз үчүн эң оор нерсе кайсы? Эмнеге? Келгиле, ушул постко комментарийлерди жазып талкуулап көрөлү.
[ Өзгөртүлгөн: Wednesday, 30 August 2023, 14:52 ]
 

Курсы